Чүй облусунун Жайыл районунда 35 тонна дизелдик отун ташыган автоцистерна жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен жер кыртышына жана айлана-чөйрөгө зыян келтирилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2-октябрда билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, төгүлгөн дизелдик отундун бир бөлүгү Кара-Балта дарыясына түшүп, суу объектисинин булганышына алып келген.
Учурда айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын көлөмү аныкталууда. Экологиялык мониторинг департаментинин адистери булганган аймактардан топурак жана суу үлгүлөрүн алып, лабораториялык изилдөөгө жөнөтүштү.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн жооптуу юридикалык тарап аныкталган.
Лабораториялык анализдердин жыйынтыгына жараша Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы окуяга укуктук баа берет. Мыйзамда каралган негиздер болсо, жооптуу тарапка административдик протокол түзүлөт.
Ошондой эле жер тилкесине жана Кара-Балта дарыясына келтирилген экологиялык зыяндын өлчөмү эсептелип, аны өндүрүү боюнча талаптар коюлат. Зарыл болгон учурда зыяндын ордун толтуруу үчүн сотко кайрылуу чаралары көрүлөт.
Зыяндын акыркы көлөмү лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы, булганган жердин аянты, суудагы булгануу деңгээли жана айлана-чөйрөгө төгүлгөн дизелдик отундун көлөмү эске алынуу менен аныкталат.



