Башкы беткеКоомОш–Бишкек жолунда үч унаа сүзүшүп, төрт чет өлкөлүк көз жумду

Ош–Бишкек жолунда үч унаа сүзүшүп, төрт чет өлкөлүк көз жумду

Күн мурун, 1-октябрда Ош–Бишкек унаа жолунун 444-чакырымындагы жол кырсыгынан төрт киши мүрт кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, күйүүчү май ташыган DAF үлгүсүндөгү унаа менен Honda Stepwgn кагылышып, аларды артта келаткан Hyundai Sonata дагы сүзүп токтогон.

Кырсыктын кесепетинен өзбекстандык төрт киши каза болду. Дагы төртөө түрдүү жараат менен Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жаткырылды. Алардын экөө Ноокат районунун тургундары, экөө Өзбекстандын жарандары экени айтылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар