Нарын облусунда бүгүн саат 12:39да жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кара-Булак жана Орто-Сырт айылдарынан 7 чакырым түштүк-чыгышта, Баетово айылынан 32 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү 3 баллды түзгөн.



