Башкы беткеКоомЭкологияга келтирилген 132 млн сомдук зыян өндүрүлдү

Экологияга келтирилген 132 млн сомдук зыян өндүрүлдү

Башкы прокуратуранын экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча жүргүзгөн текшерүүсүндө «А.О.» ЖЧКсы 2021–2023-жылдары айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн милдеттүү төлөмдөрдү толук жана өз убагында төлөбөгөнү аныкталды.

Маалыматка караганда, ишкана кыймылдуу булактардан атмосферага булгоочу заттарды чыгарганы үчүн тиешелүү төлөмдөрдү төлөбөй, натыйжада мамлекеттик бюджетке 132 млн сомдон ашык каражат түшпөй калган.

Башкы прокуратура көргөн чаралардын жыйынтыгында ишканадан 132 млн 148 миң 843 сом мамлекеттик бюджетке толугу менен өндүрүлдү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар