Бүгүн, 2-октябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Нарын облустук бириккен ооруканасынын ишмердиги менен таанышты.

Сапардын жүрүшүндө Улан Маматканов оорукананын материалдык-техникалык базасы, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты жана бейтаптар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.
Ошондой эле мекеменин медицина кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууда дарыгерлердин ишмердиги тууралуу маалыматтар угулуп, саламаттык сактоо тармагындагы актуалдуу маселелер жана аларды чечүү боюнча сунуштар талкууланды.
Улан Маматканов оорукананын ишин жакшыртуу, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана медицина кызматкерлери үчүн тиешелүү шарттарды түзүү маселелерине көңүл бурду.




