Ош шаарынын 3026 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара масштабдуу гала-концерт менен жыйынтыкталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, майрамдык салтанат А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо өтүп, ага 30 миңден ашуун көрүүчү катышты.
Иш-чарада Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов шаар тургундарын жана конокторун шаар күнү менен куттуктады. Алар өз сөзүндө Оштун акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык жетишкендиктерине, инфраструктуранын жаңылануусуна жана шаарды өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлорго токтолушту.
Майрамдык программада театралдаштырылган көрүнүштөр тартууланып, концерттик программа фейерверк менен коштолду.
Гала-концертте Кыргызстандын эл жана эмгек сиңирген артисттери, маданият кызматкерлери, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын белгилүү ырчылары — JAX 02.14, Амирчик, Жийдеш Идрисова, Хамдам Собиров жана башкалар өнөр тартуулашты.



