6-октябрда Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, суу саат 09:00дөн 02:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине берилбейт.
Суу өчүрүлө турган аймактар:
- Шабдан Баатыр — Бакаев — Алтымышев — Жунусалиев — Гагарин — Махатма Ганди — Циалковский — Т. Фрунзе — Өмүр — Алыкулов — Ахунбаев — Көк-Жайык — Торугарт көчөлөрүнүн чеги;
- Жумушчулар шаарчасы;
- Институт Земледелия конушу;
- Ак-Өргө конушу;
- Ак-Ордо конушу (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы);
- Теңир-Тоо конушу (Ахунбаев көчөсүнөн төмөн).
Суу берүү «Юго-Западный» жана «Гагарин» суу топтомолорунда, ошондой эле шаардык суу түтүк тармактарында жүргүзүлө турган профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу токтотулат.



