Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 2 млрд сом бөлдү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев калаанын 3026 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, каражат шаардагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга, инфраструктураны жаңылоого жана бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат.
Ош шаарынын 3026 жылдыгы 4-октябрда белгиленип, майрамдык иш-чара А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо өткөн гала-концерт менен жыйынтыкталган.
Иш-чарага шаар тургундары жана коноктору катышкан.



