4-октябрда Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатрында Коргоо министрлигинин кызматкерлери үчүн «Жусуп» тарыхый-драмалык тасмасынын атайын көрсөтүүсү уюштурулду.
Фильм кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө жана бекемделишине чоң салым кошкон мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнө жана ишмердигине арналган.
Тасмада кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхы, ошол мезгилдеги маанилүү саясий чечимдер жана өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчилик алган инсандардын тарыхый орду чагылдырылган.
Көрсөтүүдөн кийин тасманын чыгармачыл тобу менен жолугушуу болуп, фильмдин идеясы, жаралуу тарыхы жана тартуу иштери тууралуу пикир алмашылды. Катышуучулар чыгармачыл топко өздөрүн кызыктырган суроолорун беришти.



