Башкы беткеКоомЖаштар үчүн «Кыргызстан үчүн 100 идея» сынагы жарыяланды

Жаштар үчүн «Кыргызстан үчүн 100 идея» сынагы жарыяланды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги 14 жаштан 35 жашка чейинки жаштар арасында «Кыргызстан үчүн 100 идея» республикалык сынагын жарыялады.

Сынактын максаты — жаштардын жаңы идеяларын колдоо, өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган долбоорлорду аныктоо жана аларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү.

Долбоорлор төмөнкү 8 багыт боюнча кабыл алынат:

  • илим жана изилдөө;
  • IT жана креативдүү индустрия;
  • медицина;
  • экология;
  • социалдык чөйрө;
  • туризм;
  • өндүрүштүк технологиялар жана өнөр жай инфраструктурасы;
  • коопсуздук.

Сынакка окуучулар, студенттер, жаш окумуштуулар жана иштеп жаткан жаштар катыша алат. Долбоорлорду баалоодо анын жаңычылдыгы, актуалдуулугу, практикалык мааниси жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү эске алынат.

Ар бир багыт боюнча жеңүүчүлөр диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланат. Ошондой эле алар 2027-жылы өтө турган «КМШ үчүн 100 идея» эл аралык жаштар долбоорлорунун сынагына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Документтер 5-октябрдан 5-ноябрга чейин кабыл алынат.

Катышуу үчүн паспорттун көчүрмөсү, 3×4 өлчөмүндөгү сүрөт, долбоордун сыпаттамасы жана PowerPoint же PDF форматындагы презентация талап кылынат. Презентациянын ордуна 5 мүнөттөн ашпаган видеоролик да тапшырууга болот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар