Башкы беткеКоомБишкекте айрым аймактарда 11 саатка суу өчүрүлөт

Бишкекте айрым аймактарда 11 саатка суу өчүрүлөт


8-октябрда саат 09:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы билдирди.

Суу турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине берилбейт.

Өчүрүү төмөнкү аймакта болот:

Ч. Айтматов проспектиси — темир жол тилкеси — Ала-Арча суусу — Бөкөнбаев көчөсү — Кулиев көчөсү — Москва көчөсү — Дмитров көчөсү — Орозов көчөсү — Казаков көчөсү — Чүй проспектиси — Ала-Арча суусу — Жибек-Жолу проспектиси — И. Айдарбеков көчөсү — М. Фрунзе көчөсү — Турусбеков көчөсү — Чүй проспектиси — Ч. Айтматов проспектиси — темир жол тилкеси.

Суу берүү «Батыш-2» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу токтотулат.

Ишкана шаар тургундарынан жана уюмдардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүндү.

Ошондой эле «Менин шаарым» тиркемеси аркылуу суу берүүнүн пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып турууга болот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар