Башкы беткеКоомКМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн башкы аскер прокурорлору жолугушту

КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн башкы аскер прокурорлору жолугушту

Россиянын Казань шаарында КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин башкы аскер прокурорлорунун жана аскердик-юридикалык органдарынын жетекчилеринин жолугушуулары өттү.

Кыргызстандын атынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары — Аскер прокурору К. Байдылдаев катышты.

Жолугушууларда чек ара коопсуздугун прокурордук көзөмөл менен камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу, контрабандага, курал-жарак жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү, ошондой эле миграциялык мыйзамдардын сакталышы маселелери талкууланды.

Иш-чаралардын жыйынтыгында КМШ өкүлдөрү Биргелешкен билдирүү кабыл алышса, ШКУ мамлекеттеринин жолугушуусунун жыйынтыгы Протокол менен бекитилди.

Мындан тышкары, К. Байдылдаев Россиянын Башкы аскер прокурору В. Петров жана Кытай Элдик-боштондук армиясынын Аскер прокурору Сунь Сюцзюнь менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, аскер прокуратураларынын кызматташтыгын чыңдоо жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар