Манас шаарындагы Ж. Болотов атындагы №21 жалпы билим берүү мектебинин 375 орундуу жаңы окуу корпусунун курулушу аяктады.
Объект Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен курулду. Курулуш иштери 2026-жылдын жаз айында башталган.

Үч кабаттуу жаңы имаратта окуучулар үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Мектепте заманбап конструктивдик жана инженердик чечимдер колдонулуп, кубаттуулугу 102 кВт болгон күн панелдери орнотулду.
Жаңы корпуста окуу класстарынан тышкары спорттук жана жыйындар залдары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттер, ошондой эле медициналык кабинеттер жайгашкан.
Курулуш иштерин министрликке караштуу «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы, ал эми долбоорлоо иштерин «Арх-Стандарт» ЖЧКсы аткарды.
Жаңы корпус эки нөөмөттө иштеген шартта 700гө жакын окуучунун билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзөт. Бул мектептеги орун тартыштыгын азайтып, окуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу билим берүү шарттарын түзүүгө өбөлгө болот.



