Башкы беткеКоомТаласта 140 орундуу бала бакча пайдаланууга берилет

Таласта 140 орундуу бала бакча пайдаланууга берилет

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айыл өкмөтүнүн Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады.

Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы аянты 1 480,85 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат курулду. Бала бакча 140 балага ылайыкталып, анда балдардын билим алуусу, тарбияланышы, эс алуусу жана күнүмдүк керектөөлөрү үчүн бардык зарыл шарттар каралган.

Имаратта балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык ыңгайлуу шарттар түзүлүп, окуу-тарбия иштерин жүргүзүүгө, эс алууга жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө ылайыктуу жайлар уюштурулган.

Учурда бала бакчанын курулуш иштери толугу менен аяктап, объектти пайдаланууга берүүгө даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңы бала бакча Чымкент айылындагы мектепке чейинки билим берүү кызматтарына болгон муктаждыкты азайтып, балдар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар