Башкы беткеКоомАлыскы чек ара аймактарында почта кызматтары күчтөндүрүлөт

Алыскы чек ара аймактарында почта кызматтары күчтөндүрүлөт

“Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директору Марат Черикчиев Раззаков шаарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек филиалына караштуу чек арага жакын жайгашкан почта байланыш бөлүмдөрүнүн иши менен таанышты.

Сапардын жүрүшүндө Сүлүктү шаарындагы, ошондой эле Интернационал жана Кулунду айылдарындагы байланыш бөлүмдөрүнө барышты.

Марат Черикчиев бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгү, кызматкерлердин эмгек шарттары жана калкка почта кызматтарын көрсөтүүнүн уюштурулушу менен таанышты. Жамааттар менен жолугушууда учурдагы маселелер, көйгөйлөр жана чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарда кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, почта тармагын мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштар талкууланды.

“Кыргыз почтасы” ААКнын чек арага жакын аймактардагы бөлүмдөрүн өнүктүрүү жана колдоо компаниянын жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат.

Бул багытта кызматкерлер үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана алыскы, чек арага жакын аймактарда жашаган тургундар үчүн почта кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар