7-октябрда саат 09:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мериядан билдиришти.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, суу диаметри 500 мм болгон суу түтүгүндө оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Суу төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта берилбейт:
Чүй проспектиси — Ибраимов көчөсү — Фрунзе көчөсү — Осмонкул көчөсү.
Өчүрүү турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине тиешелүү.
Ишкана шаар тургундарынан жана уюмдардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүндү.
Мындан тышкары, “Менин шаарым” («Мой город») тиркемеси аркылуу суудагы пландуу жана авариялык өчүрүүлөр тууралуу билдирмелерди өз убагында алууга болот.



