Башкы беткеМинистрлер кабинетиБишкекте 32 гектар айдоо жери турак жай курууга берилет

Бишкекте 32 гектар айдоо жери турак жай курууга берилет

Бишкектин Октябрь районундагы 32 гектар сугат айдоо жери айыл чарба багытындагы жерлердин категориясынан калктуу конуштардын жерлеринин категориясына өткөрүлөт. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Маалыматка ылайык, сөз №215 контурда жайгашкан, жеке менчиктеги жер тилкеси тууралуу болууда.

Бул аймакка көп кабаттуу үйлөрдү, ден соолукту чыңдоочу борборду, көп функционалдуу комплексти, ошондой эле бизнес жана көңүл ачуу борборлорун куруу пландалууда.

Бишкек мэриясына жер-эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана тилкенин максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу тапшырылды.

Ошондой эле аймак үчүн шаар куруу документтерин иштеп чыгуу, жаан-чачын жана эриген кар сууларын коопсуз чыгаруу системасын караштыруу, сейсмикалык коопсуздук чараларын көрүү, экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо милдеттендирилди.

Жерди пайдалануучу айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнө келтирилген чыгымдарды мыйзамга ылайык компенсациялашы керек.

Мындан тышкары, жеке каражаттын эсебинен аймактын инженердик инфраструктурасын жана социалдык-экономикалык шарттарын өнүктүрүү талап кылынат.

Бийлик органдарына аянты ушундай эле болгон башка жер тилкесин айыл чарба багытына кайтаруу тапшырмасы да берилген. Анын алкагында аз түшүмдүү жерлерди аныктап, аларды айыл чарба иштерине тартуу каралат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар