Манас шаарындагы Б. Осмонов атындагы №5 жалпы билим берүү мектебине 61 жылдан кийин жаңы окуу корпусу курулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Үч кабаттуу жаңы корпус 375 окуучуга ылайыкталган. Мектеп эки нөөмөттө иштеген учурда анда 700гө жакын окуучу билим ала алат.
Имаратта окуу класстарынан тышкары спорт жана жыйындар залдары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттер, ошондой эле медициналык кабинет каралган.
Мектепке кубаттуулугу 102 кВт болгон күн панелдери орнотулган.
Маалыматка ылайык, мектептин жаңы корпусунун курулушу 2026-жылдын март айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Курулуш иштеринин жүрүшү министрликтин тиешелүү департаменттери тарабынан көзөмөлдөнүп турган.



