Башкы беткеКоомБишкек Тбилиси менен шаардык транспорт жана инфраструктура боюнча тажрыйба алмашат

Бишкек Тбилиси менен шаардык транспорт жана инфраструктура боюнча тажрыйба алмашат

Бишкек менен Тбилиси муниципалитеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

5-октябрда Тбилисиге болгон иш сапардын алкагында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев Тбилиси шаарынын мэринин орун басары Георгий Ткемаладзе менен жолукту.

Жолугушууда шаардык инфраструктура, коомдук транспорт, коомдук жайларды көрктөндүрүү жана шаардык чөйрөнү жакшыртуу боюнча тажрыйба алмашуу маселелери каралды. Рамиз Алиев Бишкек Тбилисинин, анын ичинде транспорт системасын жаңылоо багытындагы тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Ошондой эле эки шаардын ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Сапардын алкагында Бишкек делегациясы «Тбилисоба 2026» майрамдык иш-чараларына катышты.

Мындан тышкары, делегация Тбилисинин асма транспорт тармагындагы тажрыйбасы менен таанышты. Бишкек өкүлдөрү асма жол долбоорлорун ишке ашырууга катышкан австриялык “Doppelmayr” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, Бишкекте асма жол куруу долбоорун иштеп чыгуу боюнча мүмкүн болгон кызматташтыкты талкуулашты.

Тараптар мындан ары да тажрыйба алмашып, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин билдиришти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар