Бишкектин Өскөн-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Мектептин ачылыш аземи бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда өлкө боюнча бир убакта ачылган 20 социалдык объекттин катарында өттү.
Үч кабаттуу мектеп 750 окуучуга ылайыкталып, анда окуучулар жана мугалимдер үчүн заманбап шарттар түзүлгөн. Бул мектеп Өскөн-Ордо конушунда курулган алгачкы билим берүү мекемеси болуп саналат.
Мектептин курулушу президенттин тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүп, долбоор республикалык бюджеттен каржыланган. Бишкек шаарында жалпысынан 20 жаңы мектеп куруу иштери башталган.



