Башкы беткеМинистрлер кабинетиӨзгөндө талапка жооп бербеген мал союучу жайдын иши токтотулду

Өзгөндө талапка жооп бербеген мал союучу жайдын иши токтотулду

Өзгөн районундагы эски мал союучу жайдын иши токтотулуп, мал союу иштери жаңы жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Буга чейин интернетте мал союучу жайдан чыккан кан калдыктары чоң каналга агызылып жатканы тууралуу маалымат тараган.

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын инспекторлору жеринде текшерүү жүргүзүп, Баш-Дөбө айыл аймагындагы эски имаратта мал союу иштери жүргүзүлүп келгенин аныкташкан. Анын септиги толуп калгандыктан, кан калдыктары сыртка агып чыккан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында эски мал союучу жай жабылып, мындан ары малды ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берген жаңы жайда союу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Көзөмөл кызматы мал союучу жайлардын талаптарга ылайык иштешин текшерүүнү улантат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар