Айыл чарба тармагындагы ата мекендик өндүрүштү колдоо жана 2026-жылдагы алма түшүмүн өз убагында өткөрүүгө шарт түзүү максатында алма импортун 6 айга убактылуу токтотуу сунушталууда. Тиешелүү демилге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан көтөрүлүп, учурда тиешелүү токтомдун долбоору даярдалууда.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2026-жылы Кыргызстанда 179,4 миң тоннага жакын алма өндүрүлүшү күтүлүүдө. Республика боюнча мөмө берип жаткан алма бактарынын жалпы аянты 26,3 миң гектарды түзөт.
Министрликтин маалыматына ылайык, демилгенин негизги максаты – ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн 2026-жылдагы түшүмүн өз убагында сатууга шарт түзүү жана продукциянын мүмкүн болгон жоготууларын азайтуу.
Алманын массалык жыйноо мезгилинде ички рынокко сунушталган продукциянын көлөмү кыйла көбөйөт. Ушуга байланыштуу түшүмдү уюшкандыкта өткөрүү жана калкты сапаттуу, жеткиликтүү баада алма менен камсыз кылуу маанилүү.
Сунушталып жаткан убактылуу чара ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн сезондук түшүмүн өткөрүүгө шарт түзүүгө багытталган. Ошол эле учурда ички рыноктун алма менен жетиштүү камсыз болушуна жана продукциянын калк үчүн жеткиликтүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулат.
Алма импортуна убактылуу чектөө киргизүүнүн так мөөнөтү жана колдонуу шарттары токтомдун долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча аныкталат.



