Президент Садыр Жапаров Түркмөнбашы шаарында өтүп жаткан Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунда “бир саякат — бир нече өлкө” принциби боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунуштады.
“Биздин өлкөлөр бири-бирин толуктаган туристтик потенциалга ээ. Тарыхый шаарлар, тоолуу жана Каспий жээгиндеги каттамдар, бай маданий мурас Борбордук Азияны жана Азербайжанды саякаттоо үчүн жагымдуу багыт катары илгерилетүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө мүмкүндүк берет”, — деп белгиледи Кыргызстандын лидери.
“Бир саякат — бир нече өлкө” принциби жалпы туристтик мейкиндикти түзүүгө мыкты шарт түзөрү шексиз дешет туристтик сектордун адистери. “



