Түркиянын Кахраманмараш провинциясында эки унаанын кагылышуусунан 16 жаштагы Самет Өздемир каза болуп, дагы жети адам жаракат алды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги “Türkiye Gazetesi” басылмасына шилтеме берип жазды.
Маалыматка ылайык, кырсык 11-октябрда Афшин районундагы Афшин — Эльбистан унаа жолунда болгон. Анда пикап менен жеңил унаа кагышкан. Унаалардын биринде Түркия парламентинин Улутчул кыймыл партиясынан депутаты Зухаль Каракоч жана партиянын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Мансур Метехан болгон. Ал эми өспүрүм пикапта бара жаткан.
Жаракат алгандардын арасында депутатты кайтарган полиция кызматкери да бар. Жети жабырлануучу Афшин райондук мамлекеттик ооруканасына жеткирилген. Алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин Зухаль Каракоч Кахраманмараш провинциясынын борборундагы ооруканага которулган.
Провинциянын губернатору Мюккеррем Үнлюэр жабырлануучулардын абалы жакшы экенин жана депутаттын өмүрүнө коркунуч жоктугун билдирген. Бирок кырсыктан улам анын белиндеги мурдагы көйгөйлөрү күчөгөн.
Кошумча текшерүүдөн өтүү үчүн депутатты Анкара шаарына жеткирүү чечими кабыл алынган.



