12-октябрдын таңына карата дүйнөлүк рынокто WTI жана Brent маркасындагы мунайдын баасы төмөндөдү. Ал эми Орусиянын Urals маркасындагы мунайы кымбаттады. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, WTI мунайынын фьючерстери 2,05% арзандап, баррели 89,97 долларды түздү. Brent мунайынын баасы 1,73% төмөндөп, 102,91 долларга жетти. Ошол эле учурда Urals мунайы 4,23% кымбаттап, баррели 129,17 доллар болду.
Мунай рыногуна АКШ президенти Дональд Трамптын Орусиядан дизелдик отун жеткирүү тууралуу билдирүүлөрү да таасир этти. Трамптын айтымында, Орусия АКШнын жана дүйнөлүк рыноктун муктаждыгын камсыздоо үчүн 300 миң тоннадан ашык дизелдик отунду тез арада, ноябрь айында дагы 500 миң тоннаны, андан кийин 1 миллион тоннаны жеткириши керек.
Өз кезегинде Орусия да АКШнын жана дүйнөлүк рыноктун керектөөлөрүн камсыздоо үчүн мунай жана мунайзаттарын жеткирүүгө даяр экенин билдирген.
Ошол эле учурда Жакынкы Чыгыштагы кырдаал мунай рыногундагы абалга таасирин тийгизүүдө. Буга чейин хуситтер Сауд Арабиясынын аэропортторуна жаңы соккуларды жасоо менен коркутканы кабарланган.



