Непалдын түндүгүндө Будхи-Гандаки дарыясынын ташкындашынан улам сел жүрдү. Натыйжада үйлөр жана көпүрөлөр кыйрап, беш адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, кооптуу аймактардагы жергиликтүү тургундар эвакуацияланды. Дайынсыз болуп жаткан адамдарды издөө иштери жүргүзүлүүдө.



