Башкы беткеКоомБишкекте мамлекеттик кызматкерлердин спартакиадасы башталды

Бишкекте мамлекеттик кызматкерлердин спартакиадасы башталды

Бишкекте мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин арасындагы спартакиада башталды. Мелдештин ачылыш аземи 13-октябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, спартакиада мамлекеттик кызматкерлер арасында сергек жашоо образын жайылтуу, спортко кызыгууну арттыруу максатында уюштурулду.

Иш-чаранын ачылышына агенттиктин директору Урмат Асанбаев катышты. Ал спартакиада көп жылдан бери өткөрүлбөй келгенин белгилеп, мындан ары мелдешти жыл сайын уюштуруу пландалып жатканын билдирди.

Катышуучулар 19-октябрга чейин спорттун беш түрү — волейбол, футзал, тогуз коргоол, шахмат жана стол тенниси боюнча мелдешет.

Спартакиада эки тайпага бөлүнүп өткөрүлөт. Биринчи тайпага укук коргоо жана аскердик органдар, экинчисине министрликтер менен башка мамлекеттик органдар кирет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар