2026-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасында Европа Биримдигинин илимий изилдөөлөр жана инновациялар боюнча «Горизонт Европа» алкактык программасына арналган маалымат күнү өттү. Иш-чара эл аралык илимий-технологиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын изилдөөчүлөрүнүн европалык илимий жана инновациялык долбоорлорго катышуусун кеңейтүүгө багытталган.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасы, «Горизонт Европа» программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук координациялык борбору жана Европа комиссиясынын Глобалдык колдоо кызматы (GSF) биргелешип уюштурушту.
Улуттук координациялык борбор өлкөнүн илимий коомчулугу үчүн маалыматтык иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп келет. 2026-жылдын 22-23-январында Кыргызстандын окумуштуулары жана изилдөөчүлөрү катышкан эки семинар өткөрүлгөн.
Октябрдагы маалымат күнү бул иштердин уландысы болуп, эл аралык өнөктөштөрдү издөөгө жана долбоордук өтүнмөлөрдү даярдоо боюнча практикалык жардам көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар саясаты боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Салтанат Аманова, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Илим башкармалыгынын башчысы Түрүкмөн Жабудаев, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкери Доктор Йоханнес Баур ж.б. расмий адамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын жана академиялык илимий институттарынын окумуштуулары жана изилдөөчүлөрү, жаш изилдөөчүлөр жана адистер, эл аралык илимий кызматташтыкка кызыккан бизнес чөйрөсүнүн, мамлекеттик жана жеке уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Катышуучуларга эл аралык илимий кызматташтык жана европалык изилдөө программалары боюнча эксперттер Манфред Шписбергер жана Горазд Вайс (Австрия) эксперттик кеңеш жана практикалык колдоо көрсөтүшүп, Европа Биримдигинин илимий изилдөөлөрдү жана инновацияларды каржылоого багытталган «Горизонт Европа» программасы тууралуу, 2027-жылга карата жумушчу программалар, тематикалык багыттар жана алдыдагы конкурстарга катышуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.



