Ар бир депутат өз эмгеги менен шайланып келди. Бул тууралуу парламент жыйынында Жогорку Кенештин төрагасы Марлен Маматалиев депутат Эрулан Көкүловдун буга чейинки сөзүнө комментарий берип жатып айтты.
Эскерте кетсек, Көкүлов өткөн жумада чиновниктердин мыйзам бузган аракеттери тууралуу айтып чыкканда кесиптештери колдобой койгонун сындаган. Ал “акчасы жана таанышы болбосо көп депутат ЖКда отурмак эмес” деген.
Маматалиев бул боюнча Эрулан Көкүлов менен сүйлөшкөнүн жана ал ага кулак түргөнүн белгиледи.
“Ар бир депутат бул жерде өз эмгеги менен шайланып келди. Эч ким асмандан түшкөн жок. Ошондуктан мен төрага катары мындан ары дагы ушул биздин ынтымагыбызды, биримдигибизди сактап, бир команда катары иштейбиз деп сөз бергенбиз, мына ошонун алкагында жумушту улантып кете беребиз”, — деди спикер.



