Башкы беткеКоомЧет өлкөлүк номердеги унаалар жаңы тартип менен катталат

Чет өлкөлүк номердеги унаалар жаңы тартип менен катталат

Кыргызстанда чет өлкөдө катталган унааларды өлкөгө киргизүү, чыгаруу, убактылуу каттоо жана пайдалануу тартиби өзгөрдү. Тиешелүү №688 токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 12-октябрында кол койду.

Жаңы тартипке ылайык, эл аралык кыймылдагы унаалар Кыргызстанда алты айдан ашпаган мөөнөткө убактылуу катталат. Мөөнөт унаа өлкөгө кирген күндөн тартып эсептелет. Унаа өлкөдөн 30 күнгө жетпеген убакытка чыгып кетсе, каттоо мөөнөтү кайра башталбайт. Ал эми чет өлкөдө кеминде 30 календардык күн үзгүлтүксүз болуп, кайра Кыргызстанга кирген учурда жаңы мөөнөт эсептелет.

Убактылуу каттоо чет мамлекеттеги каттоону жокко чыгарбайт. Чет өлкөлүк документтер жана мамлекеттик номерлер алынбайт, кыргызстандык номерлер берилбейт.

Ошондой эле эл аралык келишимдер менен жөнгө салынган айрым багыттарга, анын ичинде Сох, Шахимардан жана Ворух анклавдарына каттаган унааларга өзүнчө эрежелер каралган.

Токтом мурдагы №261 токтомду жокко чыгарат. Жаңы тартип расмий жарыялангандан 10 күн өткөн соң күчүнө кирет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар