Башкы беткеКоомБишкек — Прага түз аба каттамын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Бишкек — Прага түз аба каттамын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Кыргызстан менен Чехиянын ортосунда Бишкек — Прага багыты боюнча түз аба каттамын ачуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын басма сөз кызматы билдирди.

Чехиянын транспорт министри Иван Беднарик менен «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун жолугушуусунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү аба аркылуу ташууну өнүктүрүү, ошондой эле авиация тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралды.

Жолугушуудан кийин Чехиянын делегациясы жаңыланган «Манас» эл аралык аэропорту менен таанышты. Конокторго аэропорттун жаңыланган инфраструктурасы, техникалык мүмкүнчүлүктөрү, жаңы технологиялык чечимдер жана келечектеги өнүктүрүү долбоорлору көрсөтүлдү.

Алдыдагы этапта «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын делегациясы Прага эл аралык аэропортуна барып, эки шаардын ортосунда түз аба каттамын ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып, конкреттүү макулдашууларга жетишүүнү көздөйт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар