14-октябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Абылкаир Скаков менен жолугушту. Анда эки өлкөнүн кызматташтыгын кеңейтүү, транспорттук-логистикалык долбоорлорду ишке ашыруу жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелери талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.
Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Казакстанды тарыхый, маданий жана руханий байланыштар, бир туугандык жана достук мамилелер бириктирип турарын белгилеп, стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Ошондой эле ал ушул жылдын июнь айында Казакстанга жасаган расмий сапарынын алкагында кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган бир катар маанилүү маселелер талкууланганын эске салды. Мындан тышкары, коңшу өлкөдө жаңы Курултайдын депутаттарын шайлоо өнөктүгүнүн ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.
Төрага эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук байланыштарды өнүктүрүү боюнча сунушун айтып, Чолпон-Ата — Алматы унаа жолун куруу зарылдыгын белгиледи.
«Бизде алакаларды өнүктүрүүгө арналган мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Андыктан калыптанган байланыштарды дагы тереңдетип, биргелешкен транспорттук-логистикалык долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет», — деди ал.
Маданий-гуманитардык кызматташтык тууралуу сөз кылып, Марлен Маматалиев Астанадагы негизги көчөлөрдүн бирине мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу демилгесин да эске салып, элчини бул маселеге көңүл бурууга чакырды.
Абылкаир Скаков өз кезегинде жылуу кабыл алуу жана айтылган сунуштар үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстан Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүктү бардык багыттар боюнча өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Анын айтымында, эки өлкөнүн президенттери баштаган кызматташтыкты жигердүү улантуу маанилүү.
Элчи акыркы беш жылда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга 13 жолу келгенин белгилеп, парламенттер аралык кызматташтык да жогорку деңгээлде экенин кошумчалады.



