Бүгүнтөн тартып Бишкекте № 37 жаңы автобус каттамы ишке кирди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Жаңы каттам «Биримдик Кут» конушун Курманжан Датка көчөсү менен байланыштырат.
Каттам шаар тургундарынын коомдук транспорт менен жүрүүсүн жеңилдетип, транспорттук байланышты жакшыртууга багытталган.



