Башкы беткеДүйнөӨзбекстанда балдарга карата зомбулук үчүн жаза күчөтүлдү

Өзбекстанда балдарга карата зомбулук үчүн жаза күчөтүлдү

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев балдарга карата зомбулук үчүн жоопкерчиликти күчөткөн мыйзамга кол койду. Документ 2026-жылдын 14-октябрынан тарта күчүнө кирди.

Мыйзамга ылайык, 14 жашка чейинки баланы зордуктаган адамдарга 15 жылдан 25 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралган. Ошондой эле 18 жашка чейинкилерге карата сексуалдык кылмыштар боюнча эскирүү мөөнөтү колдонулбайт.

Мындан тышкары, баланын өлүмүнө алып келген атайылап жасалган кылмыштар үчүн шарттуу жаза берүү жана мөөнөтүнөн мурда бошотуу мүмкүнчүлүгү чектелди.

Балдарга карата сексуалдык асылуу үчүн административдик айып пулдар да көбөйтүлдү. Зомбулуктан жабыркаган же ага күбө болгон жашы жете электерге акысыз юридикалык жардам көрсөтүлүп, алардын сурагы видеого жазылат.

Мыйзамдын негизги максаты — балдарды зомбулуктан коргоону күчөтүү жана мындай кылмыштар үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар