Австриянын Төмөнкү Австрия аймагындагы 18 көрүстөндө белгисиз адамдар 180ге жакын мүрзө менен күмбөздү бузуп, маркумдардын алтын тиштерин жана баалуу буюмдарын уурдашкан. Кылмыштар 2025-жылдын апрелинен 2026-жылдын апрелине чейин жасалган. Бул тууралуу Kazinform агенттигинин кабарчысы Heute басылмасына жана Төмөнкү Австрия полициясына таянып билдирди.
Австриялык басылманын маалыматына караганда, шектүүлөр оор мүрзө таштарын жылдырып, күмбөздөргө кирип, табыттарды ачышкан же кесип бузушкан. Айрым учурларда маркумдардын тиштерин жулуп, жаак сөөгүнүн бөлүктөрүн, анын ичинде астыңкы жаагын сындырып алышкан. Андан соң мүрзө таштарын кайра ордуна коюп кетишкендиктен, айрым окуялар бир нече жумадан кийин гана аныкталган.
Полиция маркумдардын сөөгүн кордоо жана мүлктү бузуп кирип уурдоо фактылары боюнча тергөө жүргүзүүдө. Тергөөчүлөр кылмышка бир нече адам катышкан болушу мүмкүн деп эсептешет. Анткени оор таштарды жылдырып, чоң табыттарды жалгыз адамдын ачышы кыйын. Азырынча шектүүлөр аныктала элек, далилдер да аз.
Кылмыштардын алгачкы учурлары 2024-жылы Венада жана Бургенланд аймагынын түндүгүндө катталган. Кийин кылмышкерлердин аракеттери Төмөнкү Австрияга чейин жайылган. Корнойбург шаарында ондогон күмбөздөр бузулса, Гросвайкерсдорф айылында 50гө жакын мүрзө жабыркаган. Кол салуулар белгилүү бир жамааттын же топтун көрүстөндөрүнө гана багытталган эмес.
Окуя маркумдардын жакындарына оор сокку болгон. Айрымдары туугандарынын мүрзөлөрүн өз алдынча текшеришсе, башкалары келтирилген зыянды аныктоо үчүн күмбөздөрдү өз каражатына ачтырышкан.
Полиция уурдалган буюмдарды аныктоо кыйын экенин белгилейт. Себеби маркумдардын жакындары алардын алтын тиштери же табытта баалуу буюмдары болгон-болбогонун көп учурда билишпейт.



