Чүй облусундагы «Салих Аква» балык чарба кластеринде балыкты кайра иштетүүчү завод ишке кирди. Ишкана жылына 3 миң тоннага чейин продукция чыгарууга жөндөмдүү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
«Салих Аква» кластери өндүрүштүн толук циклин камтыйт. Анда балыкка тоют даярдоо, икраны инкубациялоо жана балык өстүрүү иштери жүргүзүлөт. Эми кластерде балыкты кайра иштетүү да жолго коюлду.
Долбоорго 2022-жылдан бери жалпысынан 10 млн долларга жакын инвестиция тартылган. Анын 6 млн доллардан ашыгы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган.



