Эртең Самаркандда Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШ кызматташтыгына арналган «С5+1» форматындагы жыйын башталат.
Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери жана АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио катышмакчы. Борбор Азия мамлекеттеринин сырткы саясий министрликтери БА+АКШ жыйынынын саясий жагдайлары тууралуу озунуп комментарий бере элек.
Ал эми АКШнын мамлекеттик департаментинин маалыматына караганда, жолугушууда аймактагы тынчтыкты жана экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу, АКШ менен Борбор Азиянын кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланат, Вашингтон курамына 200 бизнесмен кирген коммерциялык делегацияны баштаган Марко Рубионун ушул жолку визитин “АКШ менен Борбор Азиянын ортосундагы экономикалык кызматташтыктын жаңы доорунун башталышы, тарыхый визит” деп баалады (https://www.state.gov/releases/office-of-the-spokesman/2026/10/secretary-rubios-travel-to-samarkand-mumbai-and-jamnagar/). Андан тышкары, АКШнын мамлекеттик катчысы менен кошо Өзбекстанга америкалык ири компаниялардын 200дөн ашуун жетекчиси барат.
Вашингтон бул сапар эки тараптын соода-экономикалык байланыштарын бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп күтүп жатат.
Албетте, Рубио Борбор Азия өлкөлөрүнүн башкы дипломаттары менен өз алдынча сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү. С5+1 форматындагы мурдагы саммит ушул платформанын 10 жылдыгына арналып, былтыр ноябрда Вашингтондо өткөн. БА+АКШ былтыркы саммитинде Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШ бизнес, санариптештирүү жана жасалма интеллект чөйрөсүндө кызматташууну макулдашышкан эле. БА+АКШ былтыркы саммитинде Транскаспий соода маршрутун өнүктүрүү, Бишкекте биргелешкен бизнес-форум өткөрүү тууралуу макулдашылган эле. БА+АКШ бизнес-форуму быйыл февралда B5+1 форматында Бишкекте өтүп, экономикалык мамилелерге дагы бир түрткү берди.
Борбор Азия+АКШ лидерлеринин саммити эмдиги жылы Дүйшөмбү шаарында өтөрүн “Ховар” агенттиги Тажикстандын тышкы иштер министрлигине таянып маалымдады.
Бишкек менен Вашингтондун диалогу динамикалуу мүнөзгө ээ болуп бара жатат. Маселен, быйыл апрелде Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган делегация АКШда майнаптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп (анын ичинде Марко Рубио менен да), айрыкча экономика тармагында кызматташууну чыңдоо боюнча дурус макулдашууларга жетишкен. Ал эми Президент Садыр Жапаровдун октябрь айындагы АКШга сапары Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассмамблеясындагы эл аралык аренада зор кызыгуу жараткан билдирүүсү менен чектелбестен, экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтыкты бекемдөөгө арналган жемиштүү жолугушуулар менен коштолду.



