Кыргызстан 2027-жылы Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарына төрагалык кылат.
Бул тууралуу Экономика министрлигинин өкүлү Салтанат Касымбек кызы Спуктник агенттигине билдирди.
ЕЭК кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана Жогорку кеңешинин жыйындарын Кыргызстандын жетекчилигинин өкүлдөрү өткөрөт.
Кыргызстанда Евразия экономикалык форуму өтөт. Аны өткөрүү үчүн алдын ала “Рух ордо” конгресс-холлу тандалып, үч миңден ашуун катышуучу күтүлүп жатканы айтылды.



