19–20-октябрда Бишкек шаарында Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) жыйындары өтөт.
Жогорку Кеңештин маалыматына ылайык, иш-чараларга катышуу үчүн Кыргызстанга Түркиянын, Казакстандын жана Азербайжандын парламент жетекчилери баштаган делегациялар, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү келишет.
19-октябрда Аял парламентарийлер форуму жана Жаш парламентарийлер форуму өткөрүлөт. Ал эми 20-октябрда ТүркПАга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилеринин кеңеши жана ассамблеянын XV пленардык отуруму өтөт.
Жыйындардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Белгилей кетсек, 18-октябрда Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова Кыргызстанга расмий сапар менен келген.



