18-октябрда Кыргыз улуттук «Манас» театрында дастанчы, обончу, ырчы, режиссёр Аман Мамбетакуновдун 50 жаш мааракесине арналган «Аманмын, шүгүр» аттуу чыгармачылык кечеси болуп өттү.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей мааракелик кечеде көрүүчүлөргө күлкүгө бай тамашалар жана шаңдуу концерттик программа тартууланды. Иш-чарага «Баягылар» тобунун мүчөлөрү жана Кыргыз улуттук «Манас» театрынын өнөрпоздору катышып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Чыгармачылык кече Аман Мамбетакуновдун көп кырдуу өнөрүн, чыгармачылык жолун даңазалоого, улуттук маданиятка кошкон салымын белгилөөгө жана анын өнөрүнө болгон урмат-сыйды көрсөтүүгө багытталды.



