19-октябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстанга расмий сапар менен келген Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен жолугушту.
Парламенттен билдиришкендей жолугушууда тараптар парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле маданий-гуманитардык алакаларды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Марлен Маматалиев Азербайжанды Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана боордош мамлекет деп атап, эки өлкөнүн мамилелери мамлекет башчыларынын саясий эркинин жана үзгүлтүксүз диалогунун аркасында жаңы деңгээлге чыкканын белгиледи.
Ал быйыл июль айында Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары эки тараптуу кызматташтык үчүн маанилүү окуя болгонун айтты. Анын алкагында союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлган.
Төрага соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүдө Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ролуна да токтолду. Анын маалыматына караганда, фонд түзүлгөндөн бери жалпы суммасы 24 млн доллардан ашкан 11 инвестициялык долбоор жактырылган. Мындан ары энергетика тармагындагы ири стратегиялык долбоорлорду каржылоого артыкчылык берүү сунушталды.
Ошондой эле Кыргызстан энергетика, логистика, айыл чарба жана туризм тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экени белгиленди.
Өз кезегинде Сагиба Гафарова эки өлкөнүн ортосунда бүгүнкү күнгө чейин 123 документке кол коюлганын белгилеп, саясий диалогдун жогорку деңгээли экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө шарт түзөрүн айтты.
Ал парламенттер аралык байланыштарды, анын ичинде тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун кызматташуусун активдештирүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Анын айтымында, Азербайжан парламентиндеги Кыргызстан менен достук тобунун курамында 35 депутат бар.
Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн достук жана союздаштык мамилелерин бекемдөөгө, парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Иш-чарадан кийин Марлен Маматалиев менен Сагиба Гафарованын катышуусунда Жогорку Кеңештин имараты боюнча экскурсия уюштурулду. Делегацияга жаңыланган жыйындар залдары жана санариптештирилген музей көрсөтүлдү. Музей тууралуу маалыматты атайын робот-экскурсовод берди.



