АКШда эркектер арасында ботокс жана башка нейротоксиндерди камтыган препараттарды бетке сайдыруу популярдуу болуп баратат. Бул тууралуу Казинформ агенттиги “American Spa” басылмасына таянып жазды.
“Guidepoint Qsight” компаниясынын 2022–2026-жылдардагы миңдеген клиникалардын маалыматына негизделген отчетуна ылайык, эстетикалык процедуралар рыногунда эркектердин үлүшү өсүүдө.
2026-жылдын үчүнчү чейрегинде эркектер бир процедурага орточо 529 доллар коротушкан. Ал эми аялдардын чыгымы орто эсеп менен 455 долларды түзгөн. Мунун себеби бир жолку процедурада 10–15 пайызга көбүрөөк өлчөмдө препарат колдонулганында.
Нейротоксиндерге кеткен эркектердин чыгымынын 40 пайызга жакыны АКШнын батыш штаттарына туура келет. Аялдар арасында бул көрсөткүч 30 пайыздын тегерегинде.
Жаш курагы боюнча мындай процедураларга көбүнчө 1965–1980-жылдары төрөлгөн X муунунун өкүлдөрү кайрылышат. Ошол эле учурда 1981–1996-жылдары төрөлгөн миллениалдар да активдүү кызыгуу көрсөтүүдө. Алар ботокс сайдырган эркектердин 36 пайызын түзөт.
Мындан тышкары, Z муунунун өкүлдөрү жана миллениалдар нейротоксиндерди биринчи жолу сайдырган эркек кардарлардын жарымынан көбүн түзөт. Бул эстетикалык медицина кызматтарына жаш эркектердин да кызыгуусу өсүп жатканын көрсөтөт.
Адистердин баамында, 2026-жылы байкалган өсүш убактылуу көрүнүш болушу мүмкүн. Эгер тенденция кийинки чейректерде да сакталса, клиникалар эркектерге ылайыкташтырылган кызматтарды сунуштоо жана жаңы кардарларды тартуу аркылуу бул багытты өнүктүрө алышат.



