Италиянын Милан шаарында 19-октябрда нааразылык акциясына чыккандар менен полициянын ортосундагы кагылышуулар уланды. DW басылмасынын маалыматына караганда, демонстранттар дүкөндөрдү талкалап, унааларды жана таштанды челектерин өрттөгөндөн кийин укук коргоо органдары көздөн жаш агызуучу газ жана суу аткычтарды колдонгон.
Башаламандык 18-октябрда жашоонун кымбатташына каршы уюштурулган тынч акциялардын фонунда башталган. Кара кийим кийип, беткап тагынган жаштар шаардын борбордук бөлүгүндөгү Пьяцца-дель-Дуомо аянтында тартипсиздик жаратышкан.
Окуянын кесепетинен дүкөндөрдүн айнектери талкаланып, айрым соода түйүндөрү тонолгон. Миландын мэри Жузеппе Сала бир катар соода жайларына зыян келтирилгенин жана шаар тургундары коркуп калганын билдирди.
Маалыматка ылайык, кеминде 160 адам кармалган. Алардын 80 пайыздан ашыгы жашы жете электер экени айтылууда.
Италиянын премьер-министри Джорджа Мелони башаламандыкка катышкандардын аракеттерин айыптады. Анын айтымында, айрым адамдар демонстрацияларды башаламандык уюштуруу жана укук коргоо кызматкерлерине кол салуу үчүн пайдаланып жатышат.
Мелони 19-октябрда күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп, шаардагы кырдаалды талкуулай турганы маалымдалды.



