Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) жыйындарына катышуу үчүн Бишкек шаарына келген Казакстан Республикасынын Курултайынын Төрагасы Айбек Дадебай менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышты.
“Өлкө башчыларынын ортосундагы ишенимдүү диалог канатташ жашаган эки калктын стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштык мамилелерин бекемдөөгө өбөлгө түзүүдө. Эми биз парламенттер аралык кызматташтыкты да ушул жогорку деңгээлге ылайык өнүктүрүүбүз кажет”, – деди Марлен Маматалиев.
Жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл бурулду.
Анын ичинен Төрага Алматы – Ысык-Көл альтернативдүү автожолун куруу долбоорунун стратегиялык маанисин белгилеп, анын эки өлкөнүн транспорттук байланышын чыңдоого, соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана туризмди өнүктүрүүгө чоң салым кошорун айтты.
Тарыхый байланышы терең эки элдин алакасын чыңдоо Казакстандын негизги максаттарынын бири экенин айткан Айбек Дадебай стратегиялык өнөктөштүктүн алкагындагы маанилүү тармактарга токтолду.
“Биз калыптанган кызматташтыкты парламенттик дипломатия аркылуу улантып, тармактык комитеттердин, депутаттык достук топторунун, ошондой эле КМШ ПАА, ЖККУ ПА жана ТүркПА өңдүү эл аралык уюмдардын алкагында да тыгыз иш алып барууга кызыкдарбыз”, – деди Курултайдын Төрагасы.
Ошону менен катар маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жаатындагы жагдайларга токтолуп, аталган багытта эки эл жигердүү иш алып барып жатканы боюнча бир катар мисалдарды келтирди.
Мындан тышкары, Айбек Дадебай көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымы Талды-Коргон шаарындагы көчөлөрдүн бирине ыйгарылганын маалымдады.



