Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин төрагалыгы алдында Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XV пленардык жыйыны өтүүдө.
“Жасалма интеллект жана технологиялык прогресс доорунда түрк дүйнөсүндөгү парламенттер аралык кызматташтык” темасында уюштурулган отурумга Азербайжандын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова, Казакстандын Курултайынын Төрагасы Айбек Дадебай, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш, Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева, ошондой эле бир катар уюмдардын жана бирикмелердин өкүлдөрү да катышты.
Ачылыш сөзүндө Төрага Марлен Маматалиев талкуулана турган теманын актуалдуулугуна кеңири токтолуп: “Анткени азыр жасалма интеллект жана санариптик технологиялар мамлекеттик башкарууга, экономикага, билим берүүгө, саламаттыкты сактоого жана коомдук турмуштун башка тармактарына түздөн-түз таасирин тийгизип жатат. Ага ылайык Кыргызстан санариптештирүүнү жана заманбап технологияларды киргизүүнү өлкөнүн улуттук өнүгүүсүнүн негизги багыттарынын бири катары кароодо”, – деп кошумчалады.
Ошону менен катар санариптешүү процесси Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүндө практикалык түрдө ишке ашырылып жатканын айткан Төрага: “Бүгүнкү күндө кыргыз парламенти толугу менен санариптик иш форматына өттү. Кагаз түрүндөгү документ жүгүртүү токтотулуп, электрондук форматтагы документтер пайдаланылууда. Кийинки этап интеллектуалдык санарип парламентти өнүктүрүү болуп саналат. Ал эми жасалма интеллектти колдонгон чечимдер буга чейин эле ишке киргизилген. Алардын катарында парламенттин ишмердиги тууралуу маалыматтык материалдарды даярдоодо колдонулуп жаткан виртуалдык алып баруучулар бар”, – деди.

Андан тышкары, заманбап коомдук кабылдама ачылып, мыйзамдарды талдаган “нейроюрист” тутуму да иштелип чыгып жатканын маалымдады.
Аталган багыттарда ТүркПАга мүчө мамлекеттердин парламенттери кызматташып, тажрыйба алмашуусу зарыл экенин айткан Марлен Маматалиев: “Биз ар бир өлкөнүн укуктук тутумунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен улуттук мыйзамдарды иштеп чыгууда жана өркүндөтүүдө ТүркПАнын моделдик мыйзамдарын иштеп чыгууну жана аны активдүү пайдаланууну сунуштайбыз. Ошол эле учурда натыйжалуу кайтарым байланыш механизмин да түзүү зарыл. Моделдик мыйзамдардын улуттук мыйзамдарда колдонулушу тууралуу маалыматтар ТүркПАнын деңгээлинде системалаштырылып, талданып турушу кажет”, – деди.
Муну менен бирге моделдик мыйзамдардын бирдиктүү электрондук реестрин түзүү, алардын ишке ашырылышы тууралуу маалыматтарды топтоо жана жыл сайын аналитикалык баяндама даярдоо демилгесин көтөрдү.
Жыйын Ассамблеяга мүчө мамлекеттердин, байкоочу макамга ээ өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн баяндамалары менен уланып, күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча да талкуулар жүргүзүлүүдө.



