19-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) жыйындарына катышуу үчүн Бишкекке келген парламент башчыларына жана делегация мүчөлөрүнө кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын жана улуттук мурастарын даңазалаган этномаданий программа тартууланды.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев конокторду көчмөндөрдүн жашоо образын чагылдырган «Кыргыз айылы» көргөзмө комплексинде уюштурулган программа менен тааныштырды.
Меймандарды добулбас, керней-сурнайдын коштоосунда зоот кийген кыргыз баатырлары, улуттук кийимчен кыздар жана төкмө акындар тосуп алышты.
Андан соң делегация мүчөлөрү «Кол өнөрчүлөр аллеясын» кыдырып, боз үйлөрдүн жасалгаларын, кыргыз уздары менен усталарынын кол өнөрчүлүк буюмдарын жана улуттук кийимдерди көрүштү.
Программанын соңунда конокторго бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын катышуусунда кыргыздын салттуу мергенчилик өнөрү — салбуурун көрсөтүлдү.
Иш-чаранын максаты — чет өлкөлүк меймандарды кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастары жана көчмөн цивилизациясынын өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу.



