Башкы беткеДүйнөФранцияда коопсуздукту камсыздоого аскердик техникалар тартылат

Францияда коопсуздукту камсыздоого аскердик техникалар тартылат

Франциянын өкмөтү ишемби күнү өтө турган нааразылык акциялары учурунда коопсуздукту камсыздоо чараларын күчөтөт. Премьер-министр Себастьян Лекорню алдыдагы демонстрациялар маалында масштабдуу коопсуздук чаралары көрүлөрүн убада кылды.

Өткөн аптанын аягында коомдук тартипти сактоо боюнча кетирилген кемчиликтерди моюнга алган өкмөт коопсуздук чараларына жаңы ыкмаларды киргизүүнү көздөп жатат.

Ички иштер министри Лоран Нуньес полициянын жана жандармериянын атайын бөлүктөрүн мобилизациялоо, тик учактарды жана демонстрацияларды таратууга арналган бронетехниканы тартуу аркылуу күч түзүмдөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү пландалып жатканын билдирди.

Анын айтымында, негизги максат — ыкчамдыкты жана мобилдүүлүктү жогорулатуу, ошондой эле ар кайсы жерде аракеттенген башаламандык уюштуруучулардын топторуна натыйжалуу чара көрүү.

Мындан тышкары, полицияга Sentinelle («Күзөт») операциясына тартылган аскер кызматкерлери жардам берет.

Бул операция 2015-жылдын январында, анын ичинде «Шарли Эбдо» журналынын редакциясына жасалган кол салуудан кийин башталган. Анын алкагында өлкө боюнча 10 миң аскер кызматкери жайгаштырылып, диний борборлор, билим берүү мекемелери, туристтик жайлар, темир жол бекеттери жана аэропорттор сыяктуу маанилүү объектилер террордук коркунучтардан корголот.

Демонстрацияларга тыюу салынышы мүмкүн

Ички иштер министри белгиленген тартипте катталбаган демонстрацияларга тыюу салуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын да билдирди.

Мындан тышкары, уюштуруучулары же коомдук тартипти көзөмөлдөөчү кызматтары акциянын коопсуз өтүшүнө кепилдик бере албаган расмий катталган демонстрацияларга да чектөө киргизилиши мүмкүн.

Лоран Нуньес митингдердин маршруттарын мамлекеттик мекемелерден жана соода көчөлөрүнөн алыс тандоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле атайын кызматтар акцияга катышуучулардын, өзгөчө радикалдуу топтордун санын мүмкүн болушунча так аныктап, ошого жараша коопсуздук чараларын өзгөртүшү керектигин айтты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар