Башкы беткеПарламент жаңылыктарыЖогорку Кеңеш кышка даярдыкты талкуулады

Жогорку Кеңеш кышка даярдыкты талкуулады

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөнүн экономика тармактарын жана калкты 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо иштери 87 пайызга аткарылды. Ал эми транспорт тармагындагы даярдык 75 пайызды түзөт. Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар электр энергиясы, көмүр менен камсыздоо, газдаштыруу жана жылуулук маселелерин көтөрүштү.

Бүгүн, 21-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин экономика тармактарын жана калкты алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча аткарып жаткан иштери талкууланды.

Маселе боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков баштаган тиешелүү жетекчилер маалымат беришти.

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков күз-кыш мезгилине даярдык 87 пайызды түзүп жатканын билдирди. Талкуу учурунда депутаттар электр энергиясынын тартыштыгы, керектөө лимиттери, энергетикалык инфраструктураны жаңылоо жана жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүү маселелерине көңүл бурушту.

Депутаттардын бири Суусамыр өрөөнүндө электр энергиясын керектөө лимитин 3 киловаттан 5 киловатка чейин көбөйтүү сунушун киргизди. Ошондой эле бийик тоолуу жана алыскы аймактарда электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону жакшыртуу, Чаткал районундагы электр тармактарын жаңылоо жана Аксы районунда электр мамыларын алмаштыруу маселелери көтөрүлдү.

Мындан тышкары, айрым айыл өкмөттөрүндө трансформаторлор жетишсиз экени жана жергиликтүү бюджеттер аларды сатып алууга мүмкүнчүлүк бербей жатканы айтылды. Депутаттар бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекеттик колдоонун жана каржылоонун так механизмдерин иштеп чыгууну сунушташты.

Көмүр менен камсыздоо жана газдаштыруу маселелери да талкуунун негизги темаларынын бири болду. Депутаттар калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, социалдык көмүр базаларынын даректерин тактоо жана жылытуу мезгилинде отундун баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөө зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле Ош облусунун Ноокат районун, Бишкек шаарынын жаңы конуштарын, Талас облусунун жана Ысык-Көл облусунун айрым аймактарын газдаштыруу пландары боюнча суроолор берилди. «Газпром Кыргызстан» компаниясынын өкүлү калкты газдаштыруу иштери 2028-жылдан кийин да улантыларын билдирди.

Депутаттар борбордук жылуулукка жана газ менен жылытууга кошулбаган көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары үчүн электр энергиясын керектөө лимитин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн да кароону сунушташты. Мындан тышкары, Бишкектеги таштандыларды кайра иштетүүчү заводдо өндүрүлгөн электр энергиясын сатуу шарттары боюнча суроолор берилди.

Энергетика тармагындагы ири долбоорлордун ичинен Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун жүрүшү жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин ишмердүүлүгү тууралуу маселелер көтөрүлдү. Депутаттар жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды өнүктүрүүгө, анын ичинде суутек энергиясын пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө да кызыгышты.

Транспорт тармагына байланыштуу маселелерди талкуулоодо кыш мезгилинде негизги автомобиль жолдорунда жана ашууларда коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди. Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков бул багыттагы даярдык 75 пайызды түзөрүн маалымдады.

Мындан сырткары, жылытуу мезгилинде күчөгөн абанын булганышын азайтуу, альтернативдүү энергия булактарын пайдалануу, калктуу конуштарды таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана энергетикалык жабдууларды жаңылоо маселелери талкууланды.

Жыйындын соңунда депутаттар тарабынан айтылган сунуштар менен сын-пикирлер эске алынып, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар