Мамлекеттик органдардын ачыктыгын жогорулатууга жана коомчулук менен байланышын чыңдоого багытталган “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун экинчи этабы башталууда.
Долбоор мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу, жарандардын маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана мамлекеттик мекемелер менен коомчулуктун ортосундагы өз ара байланышты бекемдөө максатын көздөйт.
Долбоорго мамлекеттик кызматтардын, агенттиктердин, фонддордун жана башка мамлекеттик уюмдардын жетекчилери катышат.
Долбоордун алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилеринин ортосунда ачык диалог уюштурулат. Жолугушуулардын жүрүшүндө мекемелердин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, жүргүзүлүп жаткан реформалар, алдыдагы пландар жана артыкчылыктуу милдеттер талкууланат.
Мындай формат мамлекеттик органдардын иши тууралуу коомчулукка маалымат берүүгө, журналисттердин суроолоруна жооп алууга жана жарандарды кызыктырган маселелерди ачык талкуулоого мүмкүнчүлүк түзөт.
Долбоордун экинчи этабын ишке ашыруу мамлекеттик башкаруу системасынын ачыктыгын жана отчеттуулугун жогорулатууга, ошондой эле мамлекеттик институттарга карата коомдук ишенимди бекемдөөгө багытталган иштердин уландысы болуп саналат.



