Башкы беткеМинистрлер кабинети"Кыргыз таза суу" мамлекеттик ишканасы түзүлөт

“Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасы түзүлөт

Кыргызстанда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын өнүктүрүү максатында «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасы түзүлөт. Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин 21-октябрда өткөн кезектеги жыйынында кабыл алынды. Бишкек шаарындагы «Ынтымак Ордодо» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өттү.

Жыйынды ачып жатып, Адылбек Касымалиев Президент Садыр Жапаров алдыдагы беш жылга карата стратегиялык милдеттерди аныктап, артыкчылыктуу багыттарды белгилегенин айтты. Анын белгилешинче, эми Министрлер Кабинети коюлган тапшырмаларды сапаттуу жана өз убагында аткарууга тийиш.

Күн тартибиндеги негизги маселелердин бири — Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдында «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө токтомдун долбоору болду.

Бул маселе боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков баяндама жасады.

Анын маалыматына ылайык, жаңы мамлекеттик ишкананы түзүү ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын өнүктүрүүгө, ошондой эле бул багыттагы ишмердүүлүктү жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүгө багытталган.

Талкуунун жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө чечим кабыл алышты. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экенин белгиледи.

Ал алдыдагы беш жылга карата ар бир айыл боюнча так пландарды иштеп чыгууну, ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн бөлүнгөн каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылууну тапшырды. Ошондой эле курулуш иштеринин сапатына, белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына жана мыйзамдуулук талаптарынын аткарылышына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар